Редакцияот 19.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чалма айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын 2021-жылдын 19-майындагы № 2 протоколу

 

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫН ШАЙЛОО

 

2021-жылдын 19-майындагы Чалма айылдык аймактык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын

 

№ 2-ПРОТОКОЛУ:

 

Заседаниеге катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:

 

1. Арзиев Султан

2. Акаева Венера

3. Абазбек уулу Шайлообек

 

Күн тартибиндеги каралуучу маселе :

 

1. Депутаттардын Чалма айылдык аймактык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүү жөнүндө.

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө төмөндөгүдөй иш бөлүштүрүрүлдү.

 

1. Арзиев С. - жалпы жетекчилик кылат.

2. Акаева В. - катчылык, кабиналарга жана яшикке добуш берүүлөрдү жалпы көзөмөлдөйт.

 

3. Абазбек у Ш. - мүчөсү, шайлоо бюллетендерин берилишине көзөмөлдүк кылат, яшикке шайлоо бюллетендерин туура салышын байкайт, шайлоо бюлллетенин таркатат, шайлоочулардын кабиналарга барып туура кыймыл аракет жүргүзүүлөрүн байкап турат.

 

Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясынын заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Эсептөө комиссиясынын өз ара иш бөлүштүрүү боюнча № 2-протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Чалма айылдык аймактык кеңешинин сессиясынын заседаниесинен суралсын.

 

Эсептөө комиссиясынын търагасы: Арзиев С.                         ____________________

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы:Акаева В.                            ____________________

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Абазбек у Ш.                        ____________________