Редакцияот 31.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы заседаниеси

2021-жылдын 31-майы № 6

Жекенди айыл аймагында айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 51 2014-жылдын 31-декабрь № 182, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдардын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык

 

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгын айыл чарбасынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасы 2021-жылга 1 га жерге 183 сом болуп өзгөртүлбөй калтырылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Эшовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мурзапар уулу тапшырылсын.

 

Төрагасы

А.Абдукалилов