ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектүү сессиясынын заседаниеси
2021-жылдын 31-майы № 7
Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл-кыштактардын 2004-жылдагы системалык каттоонун негизинде, мурдагы колхоз-совкоздун убагында, 1990-1992-жылдардагы жер реформасы жүргөнгө чейин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын жер кодекси кабыл алынганга чейин калктуу конуштарга берилип кеткен жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.01.2008-жылдагы № 19 токтому, 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомунун жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 04.12.2018-жылдагы № 196 буйругунун негизинде Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл-кыштактардын 2004-жылдагы системалык каттоонун негизинде, мурдагы колхоз-совкоздун убагында, 1990-1992-жылдардагы жер реформасы жүргөнгө чейин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын жер кодекси кабыл алынганга чейин калктуу конуштарга берилип кеткен суулуу айдоодон 44,59 га жер аянты калктуу конуштардын жерлери категориясына которулсун.
2. Токтомдун тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Кожобековго жана жер маселелери, турак-жай жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Ы.Матраимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин Агрардык маселелер, азык тулук жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеңеши төрагасы: |
А.Абдукалилов |