Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектеги сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 12

Жекенди айылдык аймагынын аймагында базарлардын иштөөсүн тартипке келтирүү жана соода түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык- түлүк товарларынын сапаты, бааларын жана санитардык абалы боюнча кароо жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жекенди айылдык аймагындагы базарлардын иштөөсүн тартипке келтирүү жана соода түйүндөрүндөгү, ашканалардагы сатылып жаткан азык-түлүк товарларынын сапаты, бааларын жана санитардык абалы боюнча аткарган иштери белгиленсин.

 

2. Жекенди айылдык аймагындагы базардын иштөөсүн тартипке келтирүү жана айланасын таза кармоо Кара-Мык айылдык базарынын базаркому Токтосун уулу Акбердиге милдеттендирилсин жана тартипке келтирүү үчүн көмөк көрсөтүү жагы Кара-Мык айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы К.Жээнбековге тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Султановага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов