Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектеги сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 14

Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык сервистердин аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык сервистердин аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.

 

2. Жекенди айылдык аймагында ветеринардык сервистердин аткарып жаткан иштерине колдоо көрсөтүү, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчылар М.Саитовго, М.Галовго, А.Жакыповго, С.Жаркынбаевге жана Н.Барамбековго милдеттендирилсин.

 

3. Жекенди айылдык аймагындагы ветеринардык сервистерди термочемодан менен камсыз кылуу жана ветеринардык штатты алуу боюнча жогорку органдарга сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана ФЭБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Султановага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов