Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын биринчи кезектеги сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 15

Жекенди айылдык аймагына караштуу  Жекенди айылындагы Тумшук участкасынан № 1975 контурундагы 0,35 га жайыт жерди башка жерлердин категориясына которуу жөнүндө

Жекенди айылынын Тумшук участкасынан № 1975 контурундагы 0,35 га жайыт жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка ар түрдүү багыттагы жерлердин” категориясына которууга  тийиштүү даярдалган документтерин  карап чыгып

 

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ы.Матраимовдун билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Жекенди айылынын Тумшук участкасынан № 1975 контурундагы 0,35 га жайыт жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка ар түрдүү багыттагы жерлердин” категориясына которулууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун тийешелүү документтерин бүтүрүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адис Ы.Матраимовго  милдеттендирилсин.

 

4. Жекенди айылынын Тумшук участкасынан № 1975 контурундагы 0,35 га жайыт АЗС куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б. Эшовго  тапшырылсын.  

 

Төрага

А.Абдукалилов