Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 12-августу № 4/3

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндөгү 05.11.2019-жылдагы № 121 мыйзамынын талаптарына ылайык Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы айылдардын элдик жыйындарынан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) резервине талапкерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 30-июль 2021-жылдагы Кара-Кулжа айылындагы К.Каратаев көчөсүндөгү шайлоочуларынын №1, 30-июль 2021-жылдагы 1-Май айылындагы Молдо Кубак көчөсүндөгү шайлоочуларынын №1 жана 30-июль 2021-жылдагы Сары-Камыш айылындагы Адашкан көчөсүндөгү шайлоочуларынын №2 протоколдорун таанып, угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

 

1. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин аймагындагы айылдарда болуп өткөн элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдор бекитилсин.

 

2. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин аймагынан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) курамынын резервине сунуш кылынган Кара –Кулжа айылынын К.Каратаев көчөсүнүн тургуну 26.04.1972- жылы туулган Абышова Мыскал Турдакуновнаны, 1-Май айылынын Молдо Кубак көчөсүнүн тургуну 27.03.1990 жылы туулган Сааданбек уулу Жалынбекти жана Сары-Камыш айылынын Адашкан көчөсүнүн тургуну 24.07.1980 жылы туулган Додоев Уланбекти Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев