Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 12-августу № 4/5

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүнүн аткарылышынын абалы жана айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүнүн аткарылышынын абалын жана айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын 29.07.2021-жылдагы № 2 протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

 

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин чыгаша жана киреше болукторунун аткарылышынын абалынын жыйынтыктары, айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айдын жыйынтыгы менен бюджетинин чыгаша жана киреше болукторунун аткарылышынын абалын кароодо каралсын.

 

2. Р.Абдыкадыров балдар музыкалык мектебине каралган 708.23. 2221 статьядагы 275.000 сом каражатты ушул эле мектептин 3111 статьядагы заборуна каралган 708.23. 3111 статьядагы каражатка которулсун.

 

3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:-

- Ген. планга каралаган каражаттан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык обьектелер бала бакча, мектептер, китепкана, маданыят үйүн 2021-2022-жылга күз- кышка даярдыктарды көрүүгө 500.000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

- Ген. пландан каралган каражаттан бузук абалдагы САМСУНГ -132 маркасындагы эксковатордун запчастарын сатып алууга 200.000 сом жана подоходдон түшкөн кошумча каражаттан 32.000 сом акча каражаты жалпысынан 232.000 сом акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары бөлүнүп берилсин.

- Ген. планга каралагн каражаттан 1-Май айылындагы Кулаган –Таш, Туюк, К.Ажибаева атындагы көчөлөргө шагыл төшөөгө 150.000 сом бөлүнүп берилсин.

- Ген. планга бөлүнгөн каражаттан 1-Май айылынын турмуш шарты өтө оор тургуну Ботиров Бурибайга, Биймырза айылынын турмуш шарты өтө оор тургуну Эргешов Турдумаматка жана турак үйү өрттөнүп кеткен Сары-Камыш айылынын тургуну Мусаева Майрамбүгө 50.000 сомдон жалпысынан 150.000 сом каражат бөлүнүп берилсин.

- КААБ га каралган 2215 статьядагы каражаттан “Бел” учаскасындагы 138 метр ички чарбалык агын-суу каналын ондоп калыбына келтирүү иштеринде сметалык эсептөөдө белгиленбеген кошумча жумуштарга 56.400 (элүү алты мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан 1-Май айылындагы Жоогазын балдар бакчасынын жаны курулушунун ПСДна чейинки документтерин даярдоого 80.000 сом жана Биймырза айылындагы Парчабү-Эне балдар бакчасынын жаны курулушунун ПСД на чейинки документтерин даярдоого 100.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан 1-Май айылындагы Т.Маматбаев атындагы маданыят үйүндөгү китепканага эмеректерди сатып алууга 112.000 сом каражаты бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Кара-Кулжа айылындагы О.Сайдилканова автор мектебинин жылытуу системасын ондоого жана жанылоого 500.000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Кара-Кулжа айылындагы он мандаттуу Совет шайлоо округунда жайгашкан көчөлөргө асбест труба орнотууга жалпы 200.000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Ничке-Суу учаскасындагы трубаларды ондоого, шагыл төшөөгө, таза-суу бурмаларын алмаштырууга 120.000 сом акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Субан уулу Алмас атындагы мектебинин кулап түшкөн мөөрусун ондоого190.000 сом каражат бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Сары-Камыш айылындагы көчөлөргө асбест труба орнотууга 6-даана чон, 6-даана кичине асбест труба алууга 100.000 сом акча каражатары бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан Кара-Кулжа Токой чарбасынан көрктөндүрүүгө көчөт сатып алган карызын төлөп берүүгө 100.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

- Подоходдон түшкөн кошумча каражаттан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге спорттук эмеректерди (инвентар) сатып алууга 100.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

4. Жети мандаттуу мандаттуу Биймырза шайлоо округуна түнкү жарыктандырууга бөлүнгөн акча каражатынан, Биймырза айылынын этегине жана Жаны-Чек көчөсүнө шагыл төшөөгө 100.000 сом акча каражаты которулуп берилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев