Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 12-августу № 4/6

“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетине бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана муниципалдык ишкана тейлеп жаткан комерциялык ишканалардан чыккан суюк калдыктарды калктуу конуштан чыгарууга тарифин бекитүү жөнүндө

“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетине бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү жана муниципалдык ишкана тейлеп жаткан комерциялык ишканалардан чыккан суюк калдыктарды калктуу конуштан чыгарууга тарифин караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын 29.07.2021-жылдагы № 2 протоколунун чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

 

1. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы бюджетинен электроэнергияга каралаган 2.000.000 сом акча каражатынан, эмгек акыга 70.000 сом, социалдык фондго 10.350 сом, күйүүчү майга 60 000 сом, тетиктерди сатып алууга 59.650 сом, ар түрдүү чыгымдарга 100.000 сом, жалпысынан 300.000 (үч жүз мин) сом которулуп берилсин.

 

2. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасы тейлеп жаткан суюк калдыктарды калктуу конуштан чыгарууга комерциялык ишканалардан 1 литирине 1 сом 50 тыйын тариф бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Бөрүбаев