Редакцияот 20.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 20-майы № 1/2

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрайымына айылдык кенештин депутаты Жуманазарова Мээркан Шакировна эсептөө комиссиясынын катчысына айылдык кенештин депутаты Кармышакова Чынар Ташболотовна жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Бөрүбаев Абай Аталиевич бекитилсин.

 

2. Эсептөө комиссиясынын төрагасын шайлоо боюнча жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.

 

3. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин жаш

курагы улуу депутаты:-

 

 

З.Сасыгулова