Редакцияот 20.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 20-майы № 1/3

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун дюбуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун дюбуш берүүнүн жыйынтыктарынын 20-май 2021-жылдагы № 1, № 2, № 3, № 4 протоколдорун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун дюбуш берүүнүн жыйынтыктарында, айылдык кенешинин төрагалыгына сунушталган талапкерлер жетиштүү добушка ээ болбогондугу эске алынсын.

 

2. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасына шайлоо боюнча кезексиз сессия уюштуруу 2021-жылдын 24-май күнү саат 14-00 убакытка белгиленсин.

 

3. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасына шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык жол-жоболор боюнча билдирүү даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн юристи К.Шамшиевага тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин жаш

курагы улуу депутаты:-

 

 

З.Сасыгулова