Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз экинчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 24-майы № 2/1

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүү боюнча протоколдук чечимдерин бекитүү жөнүндө

Кара–Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү боюнча 24.05.2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кенештин депутаты Карымшакова Чынар Ташболотовна, эсептөө комиссиясынын катчысына айылдык кенештин депутаты Камчыбеков Аскат Абжапарович жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Мойдун уулу Самат бекитилсин.

 

2. Эсептөө комиссиясынын төрагасын шайлоо боюнча жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.

 

3. Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин жаш

курагы улуу депутаты:-

 

 

З.Сасыгулова