КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/1
Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылындагы Кашат көчөсүнө көп жылдар чарбада эмгектенген (маркум) Ажибаева Касиеттин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана 1-Май айылындагы Кашат көчөнүн тургундарынын 20-январь 2021-жылдагы № 1 “1-Май айылында жайгашкан Кашат көчөгө көп жылдар чарбада эмгектенген (маркум) Ажибаева Касиеттин ысмын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 12-март 2021-жылдагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылындагы Кашат көчөсүнө көп жылдар чарбада эмгектенген (маркум) Ажибаева Касиеттин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү жалпы көчө жааматынын жыйынынын 20.01.2021-жылдагы № 1 протоколдук чечими бекитилсин жана 1-Май айылындагы Кашат көчөгө (маркум) Ажибаева Касиеттин ысымы ыйгарылсын.
2. 1-Май айылындагы Ажибаева Касиет атындагы көчөгө көрнөктөрдү, турак үйлөрдүн катар санын илдирүү, түнкү жарыктандыруу иштерин аткаруу жана жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулу Жалилов Айбекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |