КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/3
Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) мүчөлөрүнүн, аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштар комитеттеринин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) мүчөлөрү, аксакалдар соту, аялдар жана жаштар комитеттери, ардагерлер кенеши аткарып жаткан иштеринин абалын караган айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 12-март 2021-жылдагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун (КААБдын) төрагасы, айылдык кенештин катчысы Д.Ш.Кадыровдун жана аксакалдар сотунун, аялдар, жаштар комитеттеринин тарабынан уюштурулган жана аткарылган иштеринин абалы жакшы деп белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин III чакырылышынын IV чакырылышынын V чакырылышынын VI чакырылышынын катчысы, Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Д.Ш.Кадыров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак граматасы” менен сыйлоого сунушталсын.
3. Кара-Кулжа райондук денгээлинде Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ дын) иш тажрыйбасы жайылтылсын.
4. Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ дын) мүчөлөрүнүн, аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштар комитеттеринин уюштуруучулук иштери жана инвестициялык-долбоорлору (проект) эске алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |