Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 25-марты № 26/5

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин кирешесине кошумча булактардан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:-

 

I. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин кирешесине кошумча булактардан түшкөн акча каражаттары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн :-

 

1. Кара –Кулжа айылында жайгашкан Суранбай көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги “Белек” элдик чайханасын ондоого кошумча 338.000 (үч жүз отуз сегиз миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы музыкалык мектебинин айланасын тосууга жана эстеликтин айланасын ондоого, тапан таш бастырууга кошумча 487.600 (төрт жүз сексен жети мин алты жүз) сом бөлүнүп берилсин.

3. Кара-Кулжа айылынын тургуну турмуш шарты оор, турак үйү жок, жакыр үй-бүлөө, жалгыз бой ата, беш баласы жетим калгандыктан Ободоев Каныбек Болушовичке балдарына мектепке окучулардын формасын алып берүүгө социалдык жардам катары 50.000 (элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

4. Биймырза айылында жайгашкан жаны ачылган “Биймырза” мектепке чейинки билим берүү уюму бала бакчага катуу жана жумшак инвентар сатып алууга 161.300 (бир жүз алтымыш бир миң үч жүз) сом бөлүнүп берилсин.

 

II. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин төрагасы:-

 

Б.Саипов