КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 25-марты № 26/7
Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан райондук мамлекеттик натариус жана райондук ЖААК жайгашкан имарат жана имараттын айланасындагы жер аянттын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчиги жөнүндө'’ мыйзамынын талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 26-февраль 2021-жылдагы № 67 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан райондук мамлекеттик нотариус жана райондук ЖААК жайгашкан имарат жана имараттын айланасындагы тийиштуу жер аянттарынын карта-схемасын жана жер аянтарын тактап мамлекеттик АКТ сына өзгөртүү жана толуктоо киргизип, аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- |
Б.Саипов |