Редакцияот 04.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 4-февралы № 25/10

“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 -“Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:-

 

1. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан Кара-Кулжа айыл аймагынан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи төмөнкү тартипте бекитилсин:-

 

- Тургундар үчүн ар бир кожолукка бир айына – 40 (кырк) сом өлчөмүндө;

- Жашоо шарты оор тургундар үчүн ар бир кожолукка бир айына – 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө;

- Мекеме-уюмдар үчүн ар бир кызматкерге бир айына – 15 (он беш) сом өлчөмүндө;

- Комерциялык ишканалар үчүн метр квадратына бир айына – 3 (уч) сом өлчөмүндө;

 

2. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу жайын (полигон) иретке келтирүү максатында таштанды таштоочу жайга кирүүчү автоуналардан төмөнкү тартипте жыйын белгиленсин:-

 

- Женил автоунаалардан – 100 (жүз) сом өлчөмүндө:

- Лабо автоунаалардан – 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө:

- Портер автоунааларынан – 250 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө:

- Трактор, КАМАЗ, ЗИЛ жана башка оор жүк ташуучу автоунаалардан – 350 (үч жүз элүү) сом өлчөмүндө:

3. Кара-Кулжа айыл аймагынан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу, жок кылуу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнүнө белгиленсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин төрагасы:-

 

Б.Саипов