Редакцияот 04.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА–КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жыйырма бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 4-февралы № 25/11

Кара-Кулжа айылынын тургуну турмуш шарты оор, жакыр үй-бүлөө Ободоев Каныбектин аялы каза болуп беш баласы жетим калгандыктан материалдык жардам берүү жана 1-Май айылынын тургуну турмуш шарты оор, жакыр үй-бүлөө Алиев Эмилбек Арапбаевичке материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 16- январь 2021-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Кулжа айылынын тургуну турмуш шарты өтө оор, турак үйү жок, жакыр үй-бүлөө, аялы 05.01.2021-жылы каза болгон, беш баласы жетим калгандыктан Ободоев Каныбек Болушовичке айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан 150.000 (жүз элүү мин) сом материалдык жардам берилсин.

 

2. 1-Май айылынын тургуну турмуш шарты өтө оор, жакыр үй-бүлөө Алиев Эмилбек Арапбаевичке айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан 30.000 (отуз мин) сом материалдык жардам берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин төрагасы:-

 

Б.Саипов.