АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 4
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы 2022-жылдын 16-февралында отурумунун № 3 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасынан 60 га жер аянтынан 321 (үч жүз жыйырма бир ) атуулдарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору бөлүнүп берилсин.
2. Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилүүчү жер участокторун бөлүнүп берүү, Баткен регионалдык Архитектура жана шаар куруу жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиялынын башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |