Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2022-жылдын 17-февралы № 6

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун 2021-жылда аткарган иштеринин отчётун, айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы 2022-жылдын 14-февралында отурумунун № 1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат

 

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылда аткарган иштери боюнча отчёту кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Ибраим уулу Т.