АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 14
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ынтымак участкасына айыл статусун берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму 2022-жылдын 16-февралында № 3 протоколун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ынтымак айылына айыл статусу берүү жагы суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба,өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |