Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2022-жылдын 17-февралы № 18

Коомчулуктун мобилизациясы жана социалдык отчеттуулук болбоору жана жаштардын өнүгүү планы жөнүндө

Ак-Татыр айыл аймагындагы Рават айылында таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрагасы Жангиров Дурусбектин билдирүүсун, айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму 2022-жылдын 14-февралында № 1 протоколун карап, угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Рават айылынын жаштарынын Коомчулуктун мобилизациясы жана социалдык отчеттуулук болбоору жана жаштардын өнүгүү планы бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Төрага:

Ибраим уулу Т.