Редакцияот 25.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы

2021-жылдын 25-февралы № 29/7

Өзгөн шаарындагы Кыргызстан көчөсүн атын өзгөртүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар» жөнүндөгү мыйзамынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 24-февралындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарындагы «Кыргызстан» көчөсүнүн наамы өзгөртүлүп маркум Мамасадыков Алайбек Мамасадыковичтин ысымы ыйгарылсын.

 

2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаар мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Джалилов