Редакцияот 27.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясы

2021-жылдын 27-марты № 30/2

Өзгөн шаарынын аймагындагы автоунаа токтоочу жайларга кирүү жыйымын бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясынын отуруму «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы оюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 23-мартындагы №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын аймагындагы автоунаа токтоочу жайларга киргизилген ар бир автоунаадан алынуучу жыйым 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдо көрсөтүлгөн жыйым боюнча иш алып баруу МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу А.Акиевге жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын милдетин

убактылуу аткаруучу

 

А.Шаробидинов