ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 27-марты № 30/3
Өзгөн шаарындагы айрым көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар» жөнүндөгү мыйзамынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 24-мартындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы “Гузар-1” кварталындагы «Октябрский» көчөсүнүн наамы өзгөртүлүп маркум Шарипов Шокиржандын, Өзгөн шаарындагы Брежнев көчөсүн наамы өзгөртүлүп маркум Маматкасымов Маматсадыктын, “Ташлак” жана “Калма-Кыя” кварталындагы аты жок көчөгө маркум Маматкасымов Маматкадырдын, Өзгөн шаарындагы Заречная көчөсүнө маркум Султанов Марипдин ысымы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаар мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын милдетин убактылуу аткаруучу |
А.Шаробидинов |