Редакцияот 17.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясы

2021-жылдын 17-майы № 1/3

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) структурасын бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаардык кеңешинин алдында төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:

     - «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссия;

     - «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия;

     - «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия;

     - «Өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия;

     - «Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия;

     - «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссия.

 

2. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) структурасы – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы, 2 орун басары, 6 туруктуу комиссиясы жана кеңештин аппаратынан турушу бекитилсин.

 

Төрага

А. Хасанов