КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 3-1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз III сессиясы: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 226 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июнундагы протоколдорун бекитүү жөнүндө токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июнундагы протоколдору бекитилсин.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Т.Махмудов |