Редакцияот 03.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 3-июлу № 5-1

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз V сессиясы: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 596 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июлундагы протоколдорун бекитүү жөнүндө токтом кылат:

 

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 03-июлундагы протоколдору бекитилсин.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Д.Т.Махмудов