КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-1
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XXIV сессиясы, күн тартибиндеги ” Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын 02.06.1999-жылдагы Жер Кодексинин №12 жана №13 – беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 Мыйзамынын 18; 31; 32; 33; 47; 50; 61 жана 62-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 27.03.2003-жылдагы “Акционердик коом жөнүндөгү” № 64-Мыйзамынын №10; 21; 22 жана 28 – беренелеринин жана 2021-жылдын 02-апрелиндеги Ишкаван айылынын тургундары менен болгон чогулуштун протоколунун негизинде токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы Карл Маркс көчөсү № 135 те жайгашкан, курулушу бүтпөгөн имарат “соц.обөект, мектеп” 3,32 га жер аянты менен максаттык багыты “өндүрүш, өнөр жай” максаттык багытына өзгөртүлсүн.
2. Ал жерге Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү уюмдаштыруучу (учредитель) болуп “Ошазык” ачык акционердик коому (ААК) түзүлсүн.
3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Ишкаван айылындагы Карл Маркс көчөсүндөгү № 135 - курулушу бүтпөгөн 3,32 га жер аянтында жайгашкан имарат “Ошазык” ААКга уставдык капитал болуп акысыз пайдаланууга берилсин жана ал мүлктөрдүн үстүнөн өз алдынча тескөөгө укугу жоктугу белгиленсин.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү уюмдаштыруучу (учредитель) болуп түзүлгөн “Ошазык” ААКны мамлекеттик каттоолордон өткөрүү, тийиштүү иш кагаздарын (Уставын, жерди баалоо, уставдык капиталды аныктоо, коомду башкаруу органын түзүү жана башка) даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция” жана “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |