Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы

2021-жылдын 6-апрели № 24-6

Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Кызыл-Кыштак айылындагы мүрзөнүн чыгыш тарабындагы А.Маматоморовдун үйүнүн алдындагы бош жаткан 100,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Андижан айылындагы Ж.Якубов атындагы көчөдө жайгашкан 12,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.02.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Улугбек атындагы көчөдө жайгашкан 100,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

4. Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Д.Сатвалдиев