Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы

2021-жылдын 6-апрели № 24-7

Айылдык кеңештин “Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

 

1. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Андижан айылындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө тиешелүү жердин эсебинен тар туюк көчөнү түздөп жылдырууга уруксат берилсин.

2. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Коммунист айылындагы жаңы конуштарындын башкы планында мектеп үчүн ажыратылган жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3. Мунципалдык менчикке алынган мектеп үчүн ажыратылган жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарын жана мамлекеттик актысын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Д.Сатвалдиев