КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-8
Жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Э.Рахманов атындагы көчөдө жайгашкан 160,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы М.Хошимов атындагы көчөнүн № 49 - үйдүн жанында жайгашкан 200,0 чарчы метр жана № 51-үйдүн жаныда жайгашкан 100,0 чарчы метр жер тилкелери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясынын 17.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун негизинде Жаңы-Турмуш айылындагы Н.Солиев атындагы көчөнүн № 30 - үйдүн жанындагы 80,0 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү, жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |