КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-10
Айылдык аймактагы Беш-Капа көчөсүнө Файзулло Сайдиновдун атын коюу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Кызыл-Кышттак айылындагы Беш-Капа көчөсүнө Файзулло Сайдиновдун атын коюу жөнүндөгү маселе боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2021-жылдагы отрумунун протоколунун чечиминин негизинде Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Кызыл-Кышттак айылындагы Беш-Капа көчөсүнө Файзулло Сайдиновдун аты берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |