Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 29 заседаниеси
2019-жылдын 22-августу № 29/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын ишке ашыруу жөнүндөгү 2016-жылдын 12-июлундагы протоколдук тапшырманын негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Жаңы-Алай айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Жаңы-Алай айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишиминде белгиленгендей айыл өкмөтүндө социалдык өнүгүү кызматы максатка ылайыктуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык социалдык өнүгүү маселелери боюнча иш алып баруучу адиске адистин маянасы төлөнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |