ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 28 заседаниеси
2019-жылдын 19-августу № 28/2
«Жаңы-Алай Таза-Суу» муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын,кезектеги 28 отуруму Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 28 отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдында «Жаңы-Алай Таза-Суу» муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
- Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы «Жаңы-Алай Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мамытов Мамат Кушбаковичке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны –Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |