Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 27- заседаниеси
2019-жылдын 10-июлу № 27/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө каада салтка байланышкан ашыкча ырым жырымдарды кыскартуу жөнүндө
Каада салт ырым жырымдарды иретке келтирүү жана ыгым чыгымдарды кыскартуу жөнүндө айылдык кеңештин төрөгасы Ө Акбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 27- заседаниеси
Токтом кылат
1. Каада салт, ырым жырымдарды иретке келтирүү жана ыгым- чыгымдарды кыскартуу менен айыл өкмөтүбүздүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү отурумдун негизги максаты болуп эсептелсин.
2. Ашыкча каада-салт, ырым-жырымдарды,ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөттүк деңгээлде ардагерлер, аялдар ,жаштар кеңештеринин айыл аксакалдарынан,айылдык имам кошулуп атайын комиссиялар түзүлсүн. Жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө ,ага кетүүчү ыгым чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
3. Айыл өмөтүнүн аппарат кызматкерлерине ,мектеп ,бала бакча директорлоруна, СВА, ФАПтын жетекчилерине, айылдык имамга, айылдык кеңештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
4. Маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын белгилөөдө:
- Жылкы, бодо мал союуга, сый дасторкон салып конок күтүүгө тыюу салынсын. Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ысык тамак уюштурууга 2 баш гана кой союлсун жана 20кг күрүч демделсин.
- Жакындары бул дүйнөдөн өткөндө куран окуутуда жылкы, бодо мал союп ашыкча ыгым -чыгым сарптоого тыюу салынсын, батага келгендерге 1 баш кой союлуп ,аш менен тартылсын.
- Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу, челпек бышыруу жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү токтотууга өзгөчө көңул бурулсун.
- Маркумдун мүрзөсүн цементтеп бышкан кыш менен тосуу мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди орнотуу, ысырапкерчилик жана жаңылыштык экенин түшүндүрүү менен колунда бар жарандар маркумга деп атаган чыгымдарды жардамга муктаждарга берүүнү жайылтуу айылдык имамга милдеттендирилсин.
- Маркумдун жылдыгын белгилөөдө 2 баш кой союга уруксат берилсин. Сый дасторкон салып адия күтүүгө бөгөт коюлсун, жылдыка себет, союш алып келүү, кийит кийгизүү токтотулсун.
5. Тойлорду өткөрүү:
- Үйлөнүү тойдо жаштардын ойноп келүүсү (Фуршет) атайын кофелерде уюштурулбасын, жол коопсуздугун сактоо максатында машиналардын саны 3төн ашпасын.
- Сүннөт той, бешик той жана башка ушул сыяктуу тойлор жакын туугандары менен үйүндө өткөрүлсүн, жылкы, бодо мал союлбасын
6. Айылдык кеңештин сессиясындагы айтылган жана кабыл алынган чечимдерди, айылда түзүлгөн комиссиянын,айыл аксакалдарынын кабыл алган чечимдерин аткарбаган карама каршы иштерди жүргүзгөн, текеберчиликке жол берген айыл тургундарын эл алдында уяткаруу менен катуу чара көрүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өмөттүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |