Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 26-заседаниеси
2019-жылдын 30-июну № 26/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2019 жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин II-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 26-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин II-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип төмөнкүдөй жылдырылсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | Бере не | 2-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
70821 | Библиотека | Негизги маяна | 2111 | 0,6 | |
70821 | Библиотека | Социалдык фондко төлөмдөр | 2121 | 0,6 | |
70921 | Орто мектеп | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 9,3 | |
70921 | Орто мектеп | Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу | 3112 | 9,3 | |
Бардыгы: | 9,9 | 9,9 | |||
2. Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышы ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |