Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 25 заседаниеси
2019-жылдын 9-апрели № 25/4
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы эски мончонун жараксыз абалда экендиги боюнча тиешелүү адистер менен биргеликте чыгарылган техникалык корутундунун негизинде кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүп бала бакчага айландыруу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы эски мончонун жараксыз абалда экендиги боюнча тиешелүү адистер менен биргеликте чыгарылган техникалык корутундунун негизинде кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүп бала бакчага айландыруу боюнча Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 25 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы эски мончонун жараксыз абалда экендиги боюнча тиешелүү адистер менен биргеликте чыгарылган техникалык корутундунун негизинде кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүп бала бакчага айландыруу боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын.
- Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы эски мончонун ордундагы 0,13 га жер аянты бала бакчага берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин, көзөмөлдөө кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |