Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 25 заседаниеси
2019-жылдын 9-апрели № 25/3
Жаны-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылынын тургуну К.Эркебаевдин жазган арызы жөнүндө ямага тринажорный зал салып иштетүүгө берүү боюнча
Жаны-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылынын тургуну К.Эркебаевдин Жаңы-Алай айылындагы ямага тринажорный зал салып иштетүүгө берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезексиз 6 чакырылышынын 25 заседаниеси
Токтом кылат
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы эски яманын ичи узуну 170 метр ,туурасы 9 метр жер аянты Жаңы-Алай айылынын тургуну К.Эркебаевге тринажорный зал салуу үчүн берилсин.
2. Жер тилкеси курулуш ээси тарабынан сатылбасын,эгерде ямага 3 жылдын ичинде курулуш иштери курулуп, пайдаланылбаса кайрадан айыл өкмөттүн карамагына кайтарылып алынсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ө. Акбашов |