Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезектеги 41 заседаниеси

2020-жылдын 28-декабры № 41/5

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңешинин 6-шайланган кезектеги 41-заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер взносу бир балага бир айга 400 сомдон бекитилсин.

 

2. Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяевага, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат счетуна төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Ө. Акбашов