КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-отуруму
2021-жылдын 23-марты № 47/11
Айыл тургундарынын белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүүсү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн тургундарынын белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүүсү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы тургундардын жайлоого көчүүсү жана жайлоодон келүүсү жөнүндөгү жалпы элдик жыйынынын №4 протоколу боюнча 1-Май айылынын тургундары 25-апрелге чейин, Тогуз-Булак айылынын тургундары 1-майга чейин, Кең-Жылга жана Арал айылдары 10-майга чейин жайлоого көчүрүлсүн. Кыштоого көчүп келүүсү 1-Май айылы 15-августан, Тогуз-Булак айылы 20-августтан, Кең-Жылга айылы 25-августтан жана Арал айылы 30-августтан кийин жайлоодон кыштоого көчүп келишсин.
2. Айыл тургундарынын малдарын топтоп (пада) баккандар уй-жылкыны 10 (он) баштан, кой-эчкини 100 (жүз) баштан ашык алышкан болсо, алыскы жайлоолорго чыгышсын.
3. Чөп чабынды жерлерди, жазгы жана күзгү жайыттарды кароосуз мал-жандыктан коруу үчүн корукчулар эл арасынан шайлансын.
4. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде чөп чабынды жана жакынкы жайыттарга кароосуз мал-жандыктар түшө турган болсо, корукчулар тарабынан айдалынып келип, камап, уй-жылкыга (башына) 500 (беш жүз) сомдон, кой-эчкиге (башына) 100 (жүз) сомдон жазана салынсын. Экинчи же үчүнчү ирээт кайталанса, жазанасы баштапкы жазанадан 50% га көбөйтүлсүн. Корукчунун колунда кармалып турган учурда, мал-жандык кокустук майып болуп же өлүп калуусу корукчу тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынсын. Эгерде мал-жандыктын ээсине кабар жеткенден кийин бир сутканын ичинде келбесе, мал-жандыктын кокустук (өлүп же майып) болгон учуруна кароолчу же тийешелүү адамдар, айыл башчы, жайыт комитети жооп бербейт.
5. Чөп орунду жерлерге жакын жайгашкан Кайыңды, Кайрак, Катыраңкынын күңгөй бети, Курманбай белден Аяңкы-Кара-Бөктөргө чейин, Күдүрдүн үстү, Акбашаттын баш жагы ушул жакынкы жайыттар элдердин арызынын жана элдик жыйындын протоколунун негизинде күзгү, жазгы жайыт болгондуктан, 20-майдан 15-августка чейин олтурууга болбойт. Эгерде кимдир бирөө жайлоого чыкса бузуулар кодексинин 24-главасынын 183-беренесинин негизинде жазана салынсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана жайыт комитетинин төрагасы Жаңыбаев Сапарбекке тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |