УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 46
Чоң жөкөтөй участкасынан ижарага 1200га жерди өздөштүрүүгө берүү жөнүндө
Чоң жөкөтөй участкасынан ижарага өздөштүрүүгө уруксаат сураган Т. Өмүрбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагынын «Чоң-Жөкөтөй” участкасынан 1200га жер Кара-Талаа айылынынжалпы тургундарынын чогулушунун №1 протоколунун 25.01.2022-жылдагы жана Шор-Булак айылынын 26.01.2022-жылдагы жалпы тургундарынын чогулушунун №1 протоколунун негизинде, жайыт жер категориясынан көп жылдык мөмө-жемиш категориясына өткөрүүгө сунушталсын.
2. Улахол айыл аймагынын «Чоң-Жөкөтөй” участкасынан көп жылдык мөмө-жемиш категориясына өткөрүлгөн 1200га жерди конкурс аркылуу ижарага өздөштүрүүгө берүүгө макулдук берилсин.
3. Өздөштүрүүгө берилүүчү жердин тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысы М. Бейшеевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык кеңешинин төрагасын А.Жолалиевке жүктөлсүн.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |