Редакцияот 15.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз кырк алтынчы сессиясы

2021-жылдын 15-февралы № 46-1

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна негиз.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Тешебаеванын билдирүүсү эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жергиликтүү бюджетттен каралган мекеме ишканалардын финансы каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, ФЭБ башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин “Экономикалык, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Абдырахманов

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 46 кезексиз Сессиясынын №46-1 токтомуна

 

№1 тиркеме.

 

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюлжетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга бөлүнгөн акча каражаттары.

 

№ п-п

Иштердин аталышы

Сумма (сом)

1

Жарандык коргоого жана өзгөчө кырдаалга

300 000

2

Айылдардын Ген Планын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвертаризациалоо жана долбоорлорду даярдоо үчүн

500 000

3

Архитектура, госрегистр тарабынан аткарылуучу жумуштар үчүн

336 000

4

Курулуш долбоорлорун даярдоо үчүн ПСД,ИПШ, АПЗ кызматтарына

500 000

5

Жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн

120 000

6

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу кызматтары үчүн

200 000

7

Айыл чарба жерлерин ирригациялык жумуштарын аткаруу латок каналдарын тазалоо үчүн

350 000

8

Айтамга айылынын таза суу куурларын оңдоп түзөөгө

50 000

9

Кеңеш айылынын балдар бакчасынын курулуш иштерине

2 700 000

10

Додоң айылындагы ФАПтын курулуш иштерине

300 000

11

Толман айылынан Айтамга айылына карай ички жолдорго асфальт төшөө жумуштарына

3 000 000

12

Меркит айылынын керектүү жерлериндеги таза суу куурларын оңдоп түзөөгө

500 000

13

Муркут айылынын керектүү жерлериндеги таза суу куурларын оңдоп түзөөгө

500 000

14

Жайылма айылына КТП сатып алуу үчүн

150 000

15

Герейт-Шорон айылына 2 даана электр чордонун алууга

200 000

 

Жалпысы

9 706 000

 

Төөлөс айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:

 

О. Калмурзаев