САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 19-майы № 1/2
Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Сары-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын
1. төрагасына айылдык кеңештин депутаты Мокеев Уланбек Мамасалиевич.
2. катчысына айылдык кеңештин депутаты Бекмуратова Мунара Убайдуллаевна.
3. мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Абдыкадырова Айнуса Дөдөевна.
бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
2. Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык кеңешинин жаш курагы улуу депутаты:- |
Г.Жумаева. |