ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 31
Жер салыгынын өлчөмүнүн коэффициентин бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл аймагында 2021-жылга карата салык коэффиценттин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрында кабыл алынган №182 сандагы Мыйзамынын негизинде 2021-жылга карата Жылалды айыл өкмөтүнүн аймактык коэффиценти 1,2 болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |