ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 13
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Кабыловдун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча 09.08.2021-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Кабыловдун кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |