ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 14
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) делегаттарынын 2021-жылдын «01» июль №1 протоколу менен кабыл алынган коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставын Жылалды айылдык кенешинде бекитүү тууралуу коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Болотов Талгаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставы бекитилсин. (Устав тиркелет).
2. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) Уставы айылдык кеңеште каттоого алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |