Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 16

“Юни-Строй” ЖЧКнун жетекчиси У.Одушевдин Жылалды айыл өкмөтүнүн Яссы (Жазы) дарыясы агып өткөн сай ичинен координатта көрсөтүлгөн чекитке ылайык 33,5 га жер аянтынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуусуна макулдук берүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги “Юни-Строй” ЖЧКнун жетекчиси У.Одушевдин Жылалды айыл өкмөтүнүн Яссы (Жазы) дарыясы агып өткөн сай ичинен координатта көрсөтүлгөн чекитке ылайык 33,5 га жер аянтынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алууга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын каттоо күнү 18.08.2020-жыл №21- күбөлүгүнүн негизинде маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Юни-Строй” ЖЧКнун жетекчиси У.Одушевдин Жылалды айыл өкмөтүнүн Яссы (Жазы) дарыясы агып өткөн сай ичинен координатта көрсөтүлгөн чекитке ылайык 33,5 га жер аянтынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алууга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын каттоо күнү 18.08.2020-жыл №21-күбөлүгүнүн негизинде макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров