Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 17

Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын башкы планын иштеп чыгуу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын башкы планын иштеп чыгуу сунуш каты боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жылалды, Красный-Маяк, Прогресс, Кальта, Бото-Мойнок, Яссы айылдарынын башкы планын даярдоого жана долбоорлоого макулдук берилсин.

 

2. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жылалды, Красный-Маяк, Прогресс, Кальта, Бото-Мойнок, Яссы айылдарынын башкы планын даярдоо жана долбоорлоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3о. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров