Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 20

Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынан элди тейлөө максатында көмүр-отун жана чөп базар ачууга макулдук берүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-статьясын жетекчиликке алып, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынан элди тейлөө максатында көмүр-отун жана чөп базар ачууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынан элди тейлөө максатында 0,36 га жер аянтына көмүр-отун, чөп базарын ачып иштетүү үчүн Жусупов Бакытбекке макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров